Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:14
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өкмөт бюджетти толтуруу маселесине басым жасайт, - Боронов

17.06.2020 16:54
1184
Өкмөт бюджетти толтуруу маселесине басым жасайт, - Боронов


Бюджетти толтуруунун кошумча каражаттарын табууну камсыз кылуу маселесине басым жасалат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

Анын айтымында, 21-майда Жогорку Кеңеште Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алып бердиңиздер. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 135,3 млрд сом суммасында болжолдонду, же 28,4 млрд сомго азайды. Чыгашалар бөлүгү боюнча, республикалык бюджет 163 млрд сомго болжолдонуп, 8,6 млрд сомго азайды.

Ошол эле учурда Мамлекеттик салык кызматына, Мамлекеттик бажы кызматына, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине, Мамлекеттик мүлк фондуна жана бюджетти толтуруучу тийиштүү органдарга бюджеттик мыйзамдагы кыскартылган пландарды толугу менен аткаруу жана алардын үстүнө кошумча каражаттарды табуу боюнча милдеттер жүктөлөт”, - деп билдирди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары Кубатбек Боронов корголгон беренелер боюнча айлык акы, пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөр өз убагында толугу менен каржыланарын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн