Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 07:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өкмөт дары каражаттарын жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга чектөө киргизген эмес

13.07.2020 16:35
1076
Өкмөт дары каражаттарын жана почта жөнөтмөлөрүн ташууга чектөө киргизген эмес

Өкмөт чет жактардан жеке тапшырык боюнча дары каражаттарын жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө эч кандай чектөө киргизген эмес. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

"Өкмөт чет жактардан жеке тапшырык боюнча дары каражаттарын жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө эч кандай чектөө киргизген эмес. Ушул сыяктуу чектөөлөр тууралуу социалдык тармактарда жайылган маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин социалдык тармактарда өкмөт тарабынан чет өлкөлөрдөн жеке тапшырык боюнча дарыларды жана башка жөнөтмөлөрдү жеткирүүгө чектөө киргизилгени боюнча маалымдалган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн