Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта өкмөт структураларына кирген мамлекеттик кызматкерлер мындан ары дем алыш күндөрү жок күнү-түнү ишөө режимине өтө турганын билдирди.
Анын айтымында, учурда коронавируска байланыштуу абалды жөнгө салуу жана ага каршы туруу максатында эки республикалык штаб күнү-түнү иштерди жүргүзүүгө, ар кандай учурда жарандардын суроолоруна жооп берүү үчүн даяр турууга тапшырма берилди.
"Учурда абал турукташып кетмейин өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, анын ичинде облус жетекчилери, акимдер күн-түн дебей эс алуусу жок иштөө режимине өтөт", - деп билдирди премьер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн