Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өкмөт эмне үчүн түтүн маселесин чече албайт?

16.12.2020 14:24
798
Өкмөт эмне үчүн түтүн маселесин чече албайт?

"Дүйнө жүзүндө 2,5 PM бөлүкчөлөрүнүн кесепетинен 700 миллион адам өлөт, ал эми Бишкекте абанын булгануусунан канча адам өлгөнү тууралуу маалымат жок",- деп билдирди депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында.


Жыйында өкмөттүн баш калаадагы түтүнгө каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулду.


Кир аба  тукумсуздук, рак жана респиратордук оорулар сыяктуу ооруларды козгойт. 4-5 жылдан бери ушул маселени көтөрүп келе жатабыз, бирок жыйынтык жок", - деди Токтошев.


Депутат жеке секторду Бишкек шаарынын абасынын булганышынын негизги булагы деп атады, анын жашоочулары сапатсыз көмүрдү, таштандыларды жана дөңгөлөктөрдү жагышат.

"Бул маселени жөнгө салса болот, бирок өкмөттүн так программасы жок. Монголия бул көйгөйдү чечти, бирок бизде системалуу мамиле жок", - деди ал.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн