Теке 03, 2024
Убакыт: 07:34
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Өкмөт фармацевтикалык компанияларга дары жана медициналык жабдууларды арзандатууну сунуштады

04.07.2020 11:21
1064
Өкмөт фармацевтикалык компанияларга дары жана медициналык жабдууларды арзандатууну сунуштады


Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров фармацевтикалык компания өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр мамлекетке дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды калк үчүн жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз камсыздап берүү жаатында көмөк көрсөтүүнү сунуштады.


Өкмөт өз кезегинде дары-дармектерди жана жабдууларды сатып алуу процедурасын жөнөкөйлөштүрүүдө, ошондой эле тийиштүү дары-дармектерди сатып алууда компаниялар менен түз келишимдерди түзүү маселесинде көмөк көрсөтүү милдеттенмесин алды.


Фармацевтикалык компания өкүлдөрү дары-дармектерди сертификциялоо процедурасы, дары-дармек каражаттарын киргизүү эрежелери, фискалдык жана укук коргоо органдары тараптан текшерүүлөрдүн санын азайтуу сыяктуу бир катар сунуштарды билдиришти.


Вице-премьер-министр белгилегендей, бардык айтылган сунуштар Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрүнүн кароосуна киргизилет жана ал фармацевтикалык компания өкүлдөрүн өлкө үчүн татаал кырдаалда биргеликте иш алып барууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн