Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өкмөт газдын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

21.05.2020 17:18
958
Өкмөт газдын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


Өкмөт Россия менен жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономикалык кризис экономикага бир кыйла таасир берүүдө. Муну менен бирге АКШ долларына карата улуттук валютанын курсу дагы төмөндөгөнү сүйлөшүүлөргө себеп болгон.


“Калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы төмөндөдү. Ошондуктан биз Россия менен жаратылыш газынын чыккан баасын төмөндөтүү жана эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүү үчүн  сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүп жатабыз. Бул биз үчүн өтө аялуу маселе болуп саналат, - деген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

 

Ал эми Кыргызстан өзүнүн чек арасында газды Кыргыз Өкмөтүнүн жана Россия Өкмөтүнүн ортосундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу келишимге ылайык сатып алат.

 

Ошондой эле, учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары тууралуу документти иштеп чыгуу аяктап, анын алкагында газ ташуунун тарифи талкууланып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн