Бугу 10, 2024
Убакыт: 08:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт

03.05.2021 13:23
799
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт

КР өкмөтү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын натыйжасында документтери жок кылынган, же документтерин жоготкон жарандарга көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Өкмөт башчы билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар бир катар көйгөйлөрдү пайда кылды.

«Аталган милдеттерди ыкчам чечүү жана кырдаалды жөнгө салууну камсыздоо максатында өлкө президентинин тапшырмасы боюнча жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда документтештирүүгө муктаж жарандардын тизмесин ыкчам тартипте түзүү тапшырылды. Бул максатта ведомство жер-жерлерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү жана паспорт берүү сыяктуу документтештирүү кызматын көрсөтүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар менен жабдылган көчмө Калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ошондой эле транспорт каражатын жана айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө да көмөк көрсөтүлөт», - деди Улукбек Марипов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн