Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюшу зарыл, - Төрага

06.05.2020 18:37
1149
Өкмөт кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюшу зарыл, - Төрага


Өкмөт табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу багытында ыкчам чараларды көрүшү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 6-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.

 

Анын айтымында, табигый кырсыктан улам чарбалык курулуштар жабыркады. “Ички суу каналдары, арыктар бузулду. Андыктан, сугат маселесинде көйгөй жаралбашы үчүн оңдоп-түзөө иштери ыкчам жүргүзүлүшү керек. Ошондой эле көпүрөлөр да кайра калыбына келтирилиши зарыл. Айылдардагы каттамдарды үзгүлтүккө учуратпай тийиштүү жумуштар жасалышы шарт”, – деди ал.


Бул үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери маселени карап чыгып, каржы булагын аныктоо багытында өкмөт да алгылыктуу чараларды жүргүзүшү керектигин белгиледи.


Кырсык катталган айылдарда таза суу куурлары да жабыркаган. Андыктан тез арада калк ичүүчү суу менен камсыздалышы абзел”, – деп кошумчалады ал.


Мындан тышкары, түшүмүнөн айрылган дыйкандарга көмөк көрсөтүү жана табигый кырсыктарды алдын алуу маселесин да көтөргөн төрага өкмөттөн ыкчам аракеттерди күтөрүн билдирди.


Эскерте кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Баткен жана Жалал-Абад областтарында болуп өткөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн