Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт кризистик программасын жарыялашы керек

18.03.2020 15:00
1032
Өкмөт кризистик программасын жарыялашы керек


Атың өчкүр бул вирус акыры Кыргызстанга дагы келип жетти. Кыргыз бийлиги "аны дарылоо жана жайылтпоо боюнча баардык шарттар бар"-деп жатышат.


Ылаң катталган айылдарга блок посттор коюлуптур. Бирок, ошентсе дагы алдыда абал оорлошот.

 

Чек аралар жабылды. Дордой менен Кара-Суу базарласрында соода-сатык чектелди. Анткени, мурдагыдай Казакстан, Орусия жана Өзбекстандан кардарлар келбей калышты.

 

Көптөгөн компаниялар миллиондогон чыгымдарга учураганы турат. Жеке соктордо иштегендердин жумуш орундары кыскарышы мүмкүн. Мындай шартта албетте элдин чөнтөгү олуттуу түрдө жукарат.

 

Өкмөт чектөөлөр менен эле чектелбестен экономикалык-социалдык маселелерди чечүү үчүн кризистик программасын жарыялашы керек.

 

Мисалы: Швеция корона вирус көп катталган 15 мамлекеттин катарына кирди. Буга байланыштуу өкмөт чукул чечимдерди кабыл алды. Өзгөчө экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу үчүн 300 миллиард швед крону (30 миллиард АКШ долларын) бөлдү. Бул мамлекеттик же жеке сектордо иштегендер корона вирус боюнча кезексиз эмгек өргүүсүнө чыкса аларга айлык акы төлөөгө жумшалат. Же бобосо, кризиске байланыштуу жумуш орундары убактылуу кыскартылган компанияларда иштегендерге компенсация берүүгө кетет. Бул төлөмдөрдү март, апрель, май айларында өкмөт ишке ашырууну моюнга алды.

 

Өзгөчө жапа чеккен тармактагы ишканаларды 1 жылдык салыктан бошотуу чечими кабыл алынды. Швецияда салык өтө жогору экенин эске алганда бул да чоң каражат. Швед өкмөтү бул чаралар жумуш орундарын сактап калуу, жарандарынын социалдык маселелерин чечүү үчүн көрүлүп жатканын айтууда.

 

Учурда Швецияда миңден ашык адам COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталды. 7 адам бул дүйнө менен коштошту.

 

Дүйнө эли тынч болсун. Анын ичинде кыргыздар аман болсун!


Мирбек Айтикеев, журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн