Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөт медиктердин маянасына кошумча компенсация үчүн 1,4 млрд сом бөлүп берди, - Боронов

08.09.2020 16:52
802
Өкмөт медиктердин маянасына кошумча компенсация үчүн 1,4 млрд сом бөлүп берди, - Боронов


Өкмөт медициналык кызматкерлерге айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөм үчүн 1,4 млрд сом бөлүп берди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 8-сентябрда билдирди. 


Анын айтымында, өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.


"Коронавирус менен күрөшүүдө адам ресурстарынын ичинен – дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис», - деди өкмөт башчы. 


Маалым болгондой, март айында 37,7 млн сом компенсация төлөнгөн, апрелде 111,1 млн сом, майда 110,7 млн сом, июнда 119,3 млн сом, июлда 41 649 медкызматкерге – 444,1 млн сом төлөнүп берилген. 


«2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү. 1-сентябрда өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү. Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы – 1 млрд 425 млн сом», - деди Боронов. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн