Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы медициналык мекелерге жана күндүзгү стационарларга дарыгерлер ишке келишимдик негизде тартылып жатканын белгиледи.
"Медициналык билим бар, бирок шартка байланыштуу башка тармакта иштеп жаткан адистерди кызматташууга чакырганбыз. Жумуш орду Бишкек жана Чүй облусунун аймактарындагы илдетке чалдыккандарды дарылоо пункттарында болмокчу. Эмгек акы боюнча ишке тартылып жаткандар кабатыр болбой эле койсо болот. Айлык акы жана жашаган жер, тамак-аш менен камсыздалат”, - деди Боронов.
Ошондой эле ал өз ыктыяры менен иштей турган медицина кызматкерлерин жумушка тартуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырма берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн