Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:01
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өкмөт мигранттарды чагымчылардын PR-акцияларына ишенбөөгө чакырды

16.05.2020 12:04
973
Өкмөт мигранттарды чагымчылардын PR-акцияларына ишенбөөгө чакырды


Акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, чет мамлекеттердин аймагынан кыргызстандыктарды алып келүүнү уюштуруу боюнча кызматтарды сунуштаган учурлар көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Алардын маалыматында, бул адамдар жана түзүмдөр жалган маалыматтарды таркатып жатышат. Алардын бул маселенин айланасындагы жеке PR-акциялары карапайым жарандарды адаштырууда.

Россия-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде унаа каражаттарын өткөрүп жаткандыгы тууралуу такталбаган маалыматты угуп, туура эмес кабарлоодон жабыр тарткан кыргыз жарандарынын тегерегиндеги кырдаал буга айкын мисал болуп саналат. Бул мекендештерибиздин абалына терс таасирин тийгизди, ал эми Россиянын Оренбург облусунун жергиликтүү бийлигине татаал жагдай түздү”, - деп билдирет өкмөт.

Алар белгилегендей, айрым жактардын ойлонулбаган жана популисттик аракеттери Кыргызстандын башка мамлекеттер, анын ичинде союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен эки жактуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Дагы бир жолу эскерте кетсек, жарандарыбыз жүргөн өлкөлөрдүн расмий бийлиги менен иш алып баруу Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Чет мамлекеттердеги өзгөчө абалдын, карантиндик жана башка чектөө чараларынын өзгөрүүсү, мамлекеттик чек араларынын укуктук статусу, анын ичинде чартердик аба каттамдарын уюштуруу тууралуу так маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдардын расмий өкүлдөрүнөн, КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен гана алуу зарыл.

Биз мекендештерибизди чагымчылдыкка алдырбоого жана күмөн булактардан алынган маалыматтарга, аны менен бирге учуу билеттерин сатып алуу, Кыргызстан менен коңшу мамлекеттердин аймагы аркылуу транзиттик өтүүнү уюштуруу маселелери боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштагандарга ишенбөөгө чакырабыз”, - деп эскертти өкмөт. 

Маалыматта кошумчалангандай, азыркы учурда коңшулаш мамлекеттер тарабынан коронавирус инфекциясынын тыштан келүүсүн азайтуу боюнча алдын алуу чаралары көрүлгөн, чек аралар убактылуу жабык, өзгөчө абал режими жана жарандардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилген. Коңшу өлкөлөр тарабынан көрүлгөн, эң ириде адамдардын өмүрүн сактоого багытталган чараларды түшүнүү менен кабыл алуу абзел.

Учурда россия-казак чек арасында кайрадан Кыргызстандын 500дөй жараны топтолгон. Ошол эле учурда жарандарды өлкөгө алып келүү боюнча иштер уланууда. 2020-жылдын май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат. Жакында эле 2020-жылдын 7-майында Кыргызстандын 541 жараны мекенине келген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн