Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Өкмөт насыянын негизги суммасын кайтаруу мөөнөтүн 3 айга узартууну жетишсиз деп эсептейт

06.08.2020 09:10
1118
Өкмөт насыянын негизги суммасын кайтаруу мөөнөтүн 3 айга узартууну жетишсиз деп эсептейт


Бизнести колдоо боюнча кошумча чаралар көрүлбөсө жана экономиканы керектүү финансылык ресурстар менен камсыз кылбасак, экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

«Өкмөт насыянын негизги суммасын кайтаруу боюнча мөөнөтүн 3 айга узартуу (пролонгациялоо) жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок азыркы шартта бул жетишсиз деп ойлойбуз. Жагдайга жараша насыяны кайтаруу мөөнөтүн дагы кеңейтүүнү зарыл деп эсептейбиз. Мындай чараларды калк үчүн керектөөчү жана ипотекалык насыяларга дагы колдонуу туура болот. Учурда бул механизмдер каралып жатат», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.  

Премьер-министр белгилегендей, бизнести жеңилдетилген насыялоо программасына 14 млрд сом каралган. 

«Бүгүнкү күндө программанын алкагында коммерциялык банктарга ишкердик субъектилерге жеңилдетилген кредит берүү үчүн 4,2 млрд сом бөлүндү. Анын 2,2 млрд сому Финансы министрлиги тарабынан, Улуттук банктын кредиттик аукциондору аркылуу 2 млрд сом ишкерликти колдоого бөлүндү», - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Өкмөттүн антикризисттик планы алкагында 10 коммерциялык банк бизнести жеңилдетилген насыялоо боюнча иштеп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн