Теке 01, 2024
Убакыт: 10:44
USD
86.10
87.00
EUR
92.30
93.30
RUB
0.975
1.030

"Өкмөт негизсиз үйдө отурууга мажбурлап жатат"- деген билдирүүгө ишенбөөгө чакырды

10.05.2020 15:40
1008
"Өкмөт негизсиз үйдө отурууга мажбурлап жатат"- деген билдирүүгө ишенбөөгө чакырды


Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди, деп маалымдады өкмөттүн басма сөз кызматы.

«Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен кыргызстандыктарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам! Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медициналык кызматкерден айрылдык», - деди өкмөт башчы. 

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле мекендештерди себепсиз үйдөн чыкпоого, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга, беткап кийүүгө жана баша санитардык эрежелердин талаптарын аткарууга чакырды. 

«Баарыңыздардын жашооңуздардын кандай экендигин абдан жакшы билебиз. Абалыңыздарды жакшы түшүнүп турабыз. Коронавируска каршы күрөшүү процесси – бул бир тараптуу гана иш эмес. Биз дагы бир ирет ар-бирибиздин ден-соолугубуз өзүбүздүн гана колубузда экендигин белгилеп кеткибиз келет! 

Сиздердин  колдооңуздар менен биз азыркыдай – кырдаалга толук көзөмөлдөп турган абалга келдик. Сиздерге терең ыраазычылыгымды билдиремин. Бул ооруну сөзсүз жеңебиз, - деди премьер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн