Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:01
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Өкмөт окуучулардын онлайн билим алуусу боюнча айтылган сынга түшүндүрмө берди

06.09.2020 11:51
1082
Өкмөт окуучулардын онлайн билим алуусу боюнча айтылган сынга түшүндүрмө берди

Өкмөт мектеп окуучуларынын онлайн режиминде билим алуусу боюнча маалымат айдыңында айтылган сынга түшүндүрмө берди. 

Окмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн билим берүү уюмдары окутуунун дистанттык формасына өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өтүлүүчү предметтик сааттар боюнча видеосабактарды уюштурууда. Аралыктан билим берүү Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Баластан», «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын «Илим жана билим» каналы аркылуу жүзөгө ашырылууда. 

Ал эми мобилдик тиркемелер аркылуу мугалимдер менен окуучулардын кайтарым байланышы уюштурулуп жатат. 

"Өлкө аймагындагы мектептердин 99% интернетке туташкан. Учурда мугалимдер мектептен окуучулар менен жадыбал боюнча байланышууда. Мектептердеги интернеттин сапаты, ылдамдыгы кайтарым байланышты уюштурууга жарамдуу. Учурда сыналгы жана смартфону жок окуучуларга айтылган каражаттарды сатып берүү боюнча иштер жигердүү жүрүүдө. 

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, тоолуу, интернет байланышы жок аймактардагы мектептерде окутуу салттуу түрдө жүрүп жатат.

Мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге методикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүү жана бардык суроолоруна жооп берүү үчүн ар бир облустук усулдук билим берүү борборлорунда, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө ыкчам байланыштар уюштурулду", - деп айтылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн