Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россиядан дагы 760 тонна буудай келди

23.04.2020 15:32
1021
Россиядан дагы 760 тонна буудай келди


Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргызстандын аймагына жеткирилди. Бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алынып келинди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.

Өкмөт тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору. 

Материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн