Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:35
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Өкмөт пандемиянын экинчи толкунуна даярбы?

25.09.2020 16:33
1363
Өкмөт пандемиянын экинчи толкунуна даярбы?


Россиянын Москва шаарында коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны арбып жатканына байланыштуу айрым карантиндик чектөөлөр киргизиле турган болду. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Маалыматка ылайык, 65 жаштан жогору курактагы шаар тургундары жана өнөкөт оорулары барлар өтө зарыл иш болбосо көчөгө чыкпай туруу эскертилген. Ошондой эле ишканаларга да кызматкерлерин кайрадан аралыктан иштөөгө өткөрүү сунушталды. Мындай чектөөлөр 28-сентябрдан тарта күчүнө киргени турат. 


Ошол эле убакта Украина, Түркия мамлекеттери covid-19 пандемиясынын экинчи толкуну башталганын расмий жарыялады. Дагы бир топ Европа өлкөлөрү экинчи толкун тууралуу коңгуроо кага баштады. 


Кыргызстанда акыркы суткаларда бул аты жаман вирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйө баштаганы да байкалды. Кечээ 24-сентябрда 127 жаңы учур катталса, 25-сентябрда 175 жаңы учур катталганын республикалык штаб билдирди. 


Демек, экинчи толкундун болуп кетүү коркунучу босогого келип калган сыяктуу. Кыргызстандыктар пандемиянын биринчи толкуну келерде да кенебестигибизди көрсөткөнбүз. Алтургай «мындай оору жок, жөн эле саясат болуп жатат» деп да айтканбыз. Жыйынтыгында эмне болдук? Июнь-июль айларынын ичинде күнүнө орточо эсеп менен 30-40 мекендешибизди жоготуп жаттык. Ооруканаларда орун калбай, дары-дармектер жетишпей, дем алдыруучу аппараттар тартыш болуп, дүрбөлөңгө түшүп калдык. 


Эми экинчи толкун каптаса эмне болот? Анын үстүнө октябрь-ноябрь айларына туш келе турган болсо, күн сууктап калган учур болот. Жай мезгили эмес. Ооруканалар толуп калса, күндүзгү стационарларды чатыр тигип ача койгонго болбойт. Коронавируска кошумча күн сууктап калганда келүүчү сасык тумоо да түйшүк жаратышы мүмкүн. 


Биринчи толкунда кыргыз өкмөтү эмне кыларын билбей калгандай эле абалда калган. Күтүлбөгөн конок келип калган сыяктуу адамдар боо-боо түшүп ооруп жатып калганда дары-дармектерди, дем алдыруучу аппараттарды издеп, бет кап тигүүчү ишканалардын ачылышына аракеттерди жасаган. Болбосо, январь айында эле бул вирустун пайда болгону, анын тездик менен Европа өлкөлөрүн аралай чаап баратканы айтылган. Атайын Коопсуздук кеңеши өтүп, коронавирусту жайылтпоонун алдын-алуу чаралары талкууланган. Тиешелүү жетекчилерге милдеттер тагылган. Көрсө, милдет алган чиновниктер деле «Бизге келе койбос» деген ишеним менен отурган экен. 


Ошентип 2020-жылдын июль айы тарыхыбызда «карантүн июль» деп аталып калды. Калктын саламаттыгына камкордук көрөт деген жетекчилерибиз тескерисинче пандемиядан да өздөрүнө «шыбага» таап калуунун аракетин көрүшүптүр. Кече жакында эле буга байланыштуу экс-Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камалды. Пандемияга байланыштуу камакка алуулар ушуну менен эле токтоп калбаса керек. Себеби, К. Чолпонбаевдин үстүнөн караган вице-премьер, премьер-министр бар болчу. Жоопкерчилик баарынын мойнунда эле. 


Демек, бул жагдай биздин өкмөткө сабак болушу керек. Андыктан азыртадан кыргыз өкмөтү коронавирустун экинчи толкунуна кандай даярдыктар бар экенин так жана ачык айтып койгондору туура болот. Мисалы, биринчи эле кезекте вирус жуктургандар июнь-июль айларындагыдай күчөп кете турган болсо, алардын баарын жаткыруу үчүн ооруканаларда орундар даяр болобу? Жаңы заманбап ооруканалардын курулушу башталганы маалымдалган. Алар курулуп бүтөбү? 


Экинчи кезекте илдетти дарылоого зарыл делген дары-дармектердин запасы жетиштүүбү? Алардын дарыканалардагы баасы дагы көтөрүлүп кетпейби? Эгер дарыкана ээлери бааларды көтөрүп жиберсе, же кампасында катып жатып алса кандай чаралар көрүлөт? 


Үчүнчүдөн, эл ден соолугу менен алек болуп жатканда сырттан жардам катары же кредит түрүндө келген миллиондор дагы «киши колдуу» болуп кетпеши үчүн кандай чечимдер кабыл алынды? 


Бир сөз менен айтканда азыркы тапта кыргыз өкмөтүндө жооптуу кызматтарда отурган чиновниктер эртең Космосбек Чолпонбаевдин тагдырын кайталап калбай тургандай аракет жасоолору керек. Ал эми карапайым эл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткаралы. Ошондо гана келиши мүмкүн болгон экинчи толкунду чыгашасыз өткөрөбүз.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн