Кулжа 26, 2024
Убакыт: 19:32
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Өкмөт парламент тараганга чейин “Ак-Ордо ТЭЦ-2” конушун трансформациялоого аракет кылат

17.06.2020 12:51
1616
Өкмөт парламент тараганга чейин “Ак-Ордо ТЭЦ-2” конушун трансформациялоого аракет кылат


Депутат Рыскелди Момбеков бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы “Ак-Ордо ТЭЦ-2” конушунун жер участогун трансформациялоо маселеси качан ишке ашырыла турганына кызыкты.

Документтери жок жер үлүштөрүн мыйзамдаштыруу боюнча көп айтып келем, алардын арасында “Ак-Ордо ТЭЦ-2” конушу да бар. Комитет жыйындарында бул маселенин чечилиши тууралуу убадаңызды берип келесиз, бирок бүгүнкү күнгө чейин документтери чыга элек”, - деп айтты депутат Момбеков өкмөт башчысына талапкер Кубатбек Бороновго кайрылып.

Депутаттын маалыматы боюнча, бул конуштун тургундары Аскар Салымбеков Бишкек шаарынын мэри жана Николай Байло Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп турган кезде алардын чечими боюнча мыйзамдуу түрдө токтом менен сатып алышкан. “Ошол күндөн бери кызыл китеби чыга элек. “Ата Түрк” паркында мыйзамсыз басып алган байлардын жер үлүштөрүнүн жарымына документ чыгып, ал эми акчага сатып алган карапайым тургундардын жерлери трансформация болбой жатат”, - деп билдирди эл өкүлү.

Кубатбек Бороновдун айтуусунда, “Ак-Ордо ТЭЦ-2” конушун трансформациялоо тууралуу өкмөттүн мыйзам долбоору ушул тапта Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. “Өкмөт өзүнө тиешелүү жумуштардын баарын аткарып, мыйзам долбоорун даярдады. Жогорку Кеңеш тарап кеткичекти караштырып, тез арада чечип берсек жакшы болмок. Ал мыйзамдын ичинде башка дагы конуштардын маселеси бар”, - деп жооп берди Боронов.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Асанбаев Марлен
Элдин ушул койгойун чечип берсенер тушуп калган абройунар которулмок.кийинки шайлоог зор мумкунчулук алмаксынар.моонотунор буткончо ушул мумкунчулугунорду колдонуп калат деп ишенебиз . Тец2 конушунун тургундарынын пикири.