Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Өкмөт: "Азык-түлүк, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү"

16.03.2020 10:11
752
Өкмөт: "Азык-түлүк, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү"


Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. 


Анын айтымында, бүгүнкү күндө тынчсызданууга жана бааларды көтөрүүгө негиз жок.


Ал тамак-аш продуктуларын жана товарларды өндүрүү жана ташуу үзгүлтүксүз, кадимки режимде жүрүп жатканын баса белгиледи. 


«Айрым базарларда жана кээ бир дүкөндөрдө суроо-талап өсүп, азык-түлүктөрдү массалык түрдө сатып алуу жүрүүдө. Бул айрым адамдардын аракеттеринин кесепети деп ойлойм. Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөн жактар чыгууда. Биз бул аракеттерди туура эмес деп эсептейбиз, бул коомго жана мамлекетке зыян келтирет. Азык-түлүктөрдүн, калктын күнүмдүк керектөөсүндөгү негизги товарлардын, эң биринчи кезекте керектелген жана тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү», - деди Асрандиев.


Вице-премьер-министр ошондой эле, айрым адамдар ундун запасына байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратып жатканын белгиледи.

 

«Айрымдар Казакстанда чек ара жабылды, унду ташып келүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген ушактарды таратууда. Казакстан менен чектешкен чек ара жабылган жок. Вируска байланыштуу болгону эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү тартиби өзгөрдү. Жүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле штаттык тартипте жүрүүдө», - деди Эркин Асрандиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн