Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өкмөт саясий ишмер Исхак Масалиевдин сынына жооп кайтарды

29.06.2020 09:13
1361
Өкмөт саясий ишмер Исхак Масалиевдин сынына жооп кайтарды


Өкмөт экс-депутат, коомдук жана саясий ишмер  Исхак Масалиевдин Facebook тармагына жазган сын-пикирине жооп катары түшүндүрмө берди. 

Исхак Масалиев өкмөттүн Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалдагы кадамын сынга алып: "Коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Айрыкча Бишкекте абал курчуп атат, ошондуктан шаарды жаппай коюуга болбойт. Бирок элибиз ага канчалык чыдайт, мунун артындагы экономикалык жоготуунун ордун өкмөт кантип толтурат бул чоң маселе. Милиция жана медицина кызматкерлерине бериле турган акчаларды бөлө албай жаткандан кийин калганын эмне деп айтабыз? Бишкек шаарында 1 миллиондон ашык калк жашайт, анын баары тейлөө кызматы менен тиричилик кылат, ал жагын да ойлонуу зарыл”, - деген. 

Ал эми өкмөттүн  Аппараты мындай деп жооп берген: 

"Чындыгында, азыркы учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кыйын болуп турат. Коронавирус инфекциясы тастыкталган жарандардын саны бир топ көбөйдү. Ошону менен бирге Республикалык ыкчам штаб учурда өлкө боюнча же анын айрым аймактарында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин караган жок. 

Азыркы тапта жарандардын аң-сезимдүүлүк деңгээлин жогорулатууга басым жасалууда. Өкмөт аларды белгиленген санитардык ченемдерди сактоого, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпоого жана массалык иш-чараларга барбоого чакырат. Ооруган жарандардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө максатында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү аралыктан иштөө режимине которулду,  шаардык мэрияларга, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларга базарларда,  соода борборлорунда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Мындан тышкары Бишкек шаарында эс алуу күндөрү коомдук унаалардын жана таксилердин кыймылы убактылуу токтотулду. 

Аны менен катар медицина кызматкерлери белгилешкендей, 2020-жылдын март айынын башында айрым аймактарда өзгөчө абал режимин киргизүү туура чечим болгон. Бул коронавирус инфекциясынын жайылышын азайтууга шарт түзгөн. Ошондо коомдо санитардык ченемдерди жайылтуу максаты коюлган. Бирок өзгөчө абал режими алынган соң көпчүлүк кыргызстандыктар медицина кызматкерлери сунуштаган чараларды сактоого кайдыгер мамиле жасашууда. Буга байланыштуу дагы бир ирет өз саламаттыгыңыздар үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз". 

Буга чейин Исхак Масалиев Кыргызстандын эпидемиологиялык абал курч болуп жаткан аймактарында өзгөчө абал режимин кайрадан киргизүү маселеси каралышы керек деген пикирин билдирген.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн