Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 04:18
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Талапты аткарбаган маршруттарды лицензиясынан ажыратуу сунушталды

21.06.2020 10:24
1016
Талапты аткарбаган маршруттарды лицензиясынан ажыратуу сунушталды


Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктурган 192 учур катталган, анын ичинен 75 жаран илдетти кайдан жугузганын билбейт.

Анын айтымында, алар коомдук унаалардан же базарлардан жугузуп алышы толук мүмкүн. Борбор калаада жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кийинки жумадан тартып Бишкекте коомдук унаа кыймылы ишемби күндүн экинчи жарымынан жана жекшембиде токтотулат.

Ошондой эле биз аймактар аралык коомдук унаалардын ишин чектейбиз. Бул чаралар вирустун эпидемиологиялык абал жакшы эмес болуп турган Бишкектен башка облустарга жайылышын азайтат. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү 60-70% салуу талабын эч аткарбай жаткан жеке транспорттук компанияларга таандык маршруттук таксилерге карата катуу чараларды көрүү керек. Маршруттук унаалар адамдарды толтуруп салып жатканын көрүп атабыз. Бул жаатта тармактык кызматтарга жеке компанияларга карата белгилүү бир мезгилге лицензиядан ажыратууга чейинки таасир этүү механизмдерин карап чыгууну сунуштайм", - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн