Теке 08, 2024
Убакыт: 09:38
USD
85.70
86.60
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.000

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдында Жалал-Абад облусундагы "Бозымчак" кенинин  кызматкерлери митингге чыгышты. 


Нааразычылык акциясына ишкананын 200гө жакын кызматкери катышты. Алардын айтымында, комплекске жакын жайгашкан бир нече айылдын тургундарынын нааразычылыгынан улам кен 6-октябрдан бери иштебей турат. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген адамдардын Бозымчакта иштеп жаткандыгына карата агрессивдүү мамиле жасашат.


Көптөгөн кызматкерлердин насыялары бар, алар ишкердиктин токтоп калгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүн камсыздай алышпай жатаканын белгилешүүдө. 


Митингчилер өкмөт алардын көйгөйлөрүнө жооп берет жана аларды чечүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Жумушчулар менен вице-премьер-министр Равшан Сабировдун жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн