Бүгүн, 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдында "Северэлектро" ишканасынын кызматкерлери жаңы дайындалган жетекчинин кызматтан кетишин талап кылып митинг өткөрүүдө.
Ишкананын кызматкерлери мыйзамдуулукка чакырып, бардык маселелер мыйзам талаасында чечилишин жана азыркы жетекчисинин кызматтан алынышын талап кылып чыгышкан.
Эске сала кетсек, 2-ноябрь күнү да аталган ишкананын жаңы дайындалган жетекчиси Астаркулов Уландын ордуна мурдагы жетекчи Бекмурзаев Доскулдун кайтып келишин талап кылган митинг өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн