Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Өкмөт жардамга муктаж жарандардын тизмесин даярдап жатат

28.03.2020 20:14
1063
Өкмөт жардамга муктаж жарандардын тизмесин даярдап жатат

Өкмөт калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 тонна ун даярдалган.

Учурда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кошумча жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатышат, алар ун менен камсыздалышат.

Борбордо жана жер-жерлерде ар бир муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат.

Ишкерлер, ыктыярчы уюмдар четте калбаганы кубандырууда. Алар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына активдүү жардам беришүүдө. Кыргыз өкмөтү аларга жигердүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар аймактардагы жетекчилерге бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кайрымдуулук уюмдардын, жарандык кошуундардын социалдык багыттагы демилгелерин жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам берүү, ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу жана аны муктаж жарандарга таратуу үчүн туруктуу иштей турган аянтчаларды уюштуруу тапшырмасы берилди.

 

 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гулбакыт
Эми өң тааныштык кылбай, чыныгы муктаждарга жетсе болгону. Соцпомощторго азыр ишенүү кыйынго.
Абдыкеева
Ким каттайт тизмеге?каяка катталсак болот?