Бугу 14, 2024
Убакыт: 09:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эксперттер коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо механизмдерин жакшыртууну талкуулашты

15.07.2020 08:55
943
Эксперттер коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылоо механизмдерин жакшыртууну талкуулашты



Вице-премьер-министр Аида Исмаилова саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен коронавирустук инфекцияга чалдыккан бейтаптарды дарылоо механизмдерин жакшыртуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешмеге И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова, Саламаттык сактоо министрлигинин экс-статс-катчысы Касымбек Мамбетов жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Оскомбаева катышты.

 

Нурлан Бримкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө оорулууларды коронавирус инфекциясына чалдыккан жана өпкөсү кагынган деп экиге бөлүп, эки бөлөк протокол менен дарылашууда. 

 

«Бейтаптардан COVID-19га карата тесттик маалымдамалар талап кылынууда, бирок көпчүлүгү өпкө оорусунан жабыркоодо. Калктын 80%ы коронавирустук инфекциядан жеңил өтүүдө, мында дарыгердин кеп-кеңеши, көбүрөөк суюктук ичүү, дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо жана дене тапты текшерип туруу талап кылынат. Ошол эле учурда оорулуулардын 20%ында оору өтүшүп кетип, өпкөсү сезгенип, дем алуу начарлап, энтигүү пайда болууда. Буга байланыштуу дарыгерлер оорулуунун клиникалык картинасына жараша диагноз коюушу керек, мында бейтапка коронавируска шектелген, оорушу ыктымал жана коронавирус тастыкталган катары диагноз коюлушу ылайык», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн