Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөттө эл аралык уюмдар менен гендердик маселе талкууланды

29.05.2020 19:36
1071
Өкмөттө эл аралык уюмдар менен гендердик маселе талкууланды


Вице-премьер-министр Аида Исмаилова «Луч света» гендердик зомбулукту жоюу боюнча глобалдык демилгени ишке ашыруу маселеси боюнча Кыргызстандагы Европа бирлиги кеңсесинин жана БУУ бир катар агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Луч света» максаттуу инвестициялар аркылуу гендердик зомбулукту жоюу боюнча глобалдык демилгеси гендердик теңчиликти сактоого жана аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Гендердик теңчиликти сактоо туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетишүү индикатору катары саналат. 


Биздин республика «Луч света» гендердик зомбулукту жоюу боюнча глобалдык демилгени ишке ашыруу үчүн тандалган бирден-бир мамлекет болуп саналат, бул багытта алдыдагы үч жылга болжол менен 7,8 млн АКШ доллары бөлүнөт", - деди ал.


Вице-премьер-министр белгилегендей, өлкөлүк программаны ийгиликтүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Улутук координациялык комитет негизделген, ага стратегиялык жетекчилик жана көзөмөл кылуу милдети жүктөлгөн.


«Программа 6 негизги багыт: саясат жана мыйзам чыгаруу, институттарды чыңдоо, зомбулуктун адын алуу, тейлөө сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтар, аялдардын укук коргоо кыймылдарын жана жарандык коомду колдоого алуу боюнча иш жүргүзөт. Учурда «Луч света» глобалдык демилгесинин алкагында уникалдуу өлкөлүк программаны иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иш жүргүзүлдү, аны өлкөдө ишке ашыруу кыргыз өкмөтүнүн, кызыкдар мамлекеттик органдардын, Европа бирлигинин, БУУ тутумунун агенттиктеринин, жарандык коом уюмдары өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жүргүзүлүүдө», - деп кошумчалады Аида Исмаилова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн