Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөттүн Аппаратынын 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды

27.06.2020 23:30
821
Өкмөттүн Аппаратынын 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды


КР өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлеринен COVID-19 вирусунун бар-жогун текшерүү үчүн анализ алынган. Анализдин жыйынтыгы боюнча 26 кызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эки күн мурда 11 адамдын инфекцияны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болду. Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда. 

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.

Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн