Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 02:28
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Өкмөттүн “Кумтөргө” жасаган мамилеси кылмыштуу шалаакылык

04.05.2020 13:47
1192
Өкмөттүн “Кумтөргө” жасаган мамилеси кылмыштуу шалаакылык


Коронавирус тумоосу жараткан форсмажор Кыргызстан калкын жакырчылык, ачкачылык жээгине алып келип койду. Өкмөт июнь айында пенсия, айлык акы төлөй албай калабыз деп коркутууда. Эмгек мигранттарынан келип жаткан финансылык агым да токтоп калды. Көпчүлүк калк мына ушул эки финансылык агым менен тиричилик кылып жаткан.


Ал булактар көз көрүнөө соолуп баратат.


Чынында абал оор...


Мына ушундай учурда Кыргызстандын алтынын “Центерра” баш болгон шылуундар күрөп алып чыгып кетип жатат. Чечим кабыл ала турган президент, өкмөт, парламент кол жайып отурат.

 

“Центерра” “Кумтөрдө” бир унций алтын казып алуу үчүн 553 доллар сарптаарын эл аралык “Mining.сom” агенттиги эсептеп чыккан. Бул агенттиктин эсеби боюнча Кумтөрдөн алтын казуу эң арзан. Ал алтын казууда өздүк наркы боюнча эң арзан турган дүйнөдөгү он компаниянын катарына кирет.

 

“Центерра” бир унций алтынды казып алууга өткөн жылы 553 доллар сарптап, аны 1300-1400 доллардан саткан. Быйыл 1700 доллардан сатып жатат. Тапкан пайдасы бери дегенде 700-800 млн. доллар. Бюджетке бергени 80-90 млн. доллар...


Мына ушундай талап-тоноого жана алдоого өкмөт башчы Абылгазиев алакан жайып, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 2 млн. доллар дивиденд алабыз деп олтурат.


Бул кылмыштуу шалаакылык...

 

Айданбек Акматов, көз карандысыз журналист


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн