Бугу 05, 2024
Убакыт: 13:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматынан кетти

08.08.2020 14:09
696
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматынан кетти


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматынан кетти. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.


Жылкыбаев өзү мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, шайлоого аттанууну чечкендигин билдирген. 


"Ош облусундагы эмгек жолум эки жылдан ашык болду. Ушул убакыт аралыгында колумдан келишинче чын ниет менен элиме, анын ичинде өзгөчө Ош жергесине таза кызмат кылууга бар аракетимди жумшадым. Ушул уюткулуу жерден дос күттүм, тууган таптым, тилеги жана ниети бир адамдар менен сапарлаш болуп, бирге кызмат кылганыма сыймыктанам. Оштун элине таазим!", - деген Жылкыбаев.


Буга чейин Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү тууралуу азыр жазганы кабарлаган. 


46 жаштагы чиновник 2018-жылдын 18-июлунан тарта Ош облусун жетектей баштаган. Ал ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп турган. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн