Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 15:45
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Араев 2 айга камалды

18.12.2020 11:14
658
Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Араев 2 айга камалды

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев 12-январга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Араев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалат.

Эске сала кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүн аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат. Азамат Араев аталган иштин алкагында кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн