Бугу 13, 2024
Убакыт: 09:49
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Өкмөттүн ички структурасы турукташмайынча баалар дагы кымбатташы мүмкүн

03.03.2021 13:06
509
Өкмөттүн ички структурасы турукташмайынча баалар дагы кымбатташы мүмкүн


Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл азык-түлүктүн негизги түрлөрүнө болгон баа 20%га чейин кымбаттады.

Алсак, өсүмдүк майы - 54,6%, картошка - 46,3%, жумуртка - 35,4%, кумшекер - 33,1%, эт - 27,5%, ун - 16,5% көтөрүлдү. Азык-түлүктөн тышкары курулуш материалдарына, машине тетиктерине жана кийим-кечеге болгон баа да өсүп жатат.


Бул маселелер боюнча Улуттук бизнес Ассоциациялардын секретариатынын башчысы Искендер Шаршеев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине төмөндөгүлөрдү айтты.


- Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баалардын өсүшү сомдун наркынын төмөндөп кетиши менен байланыштуу болушу мүмкүн. Көп өлкөлөрдө доллардын баасы өскөн жок. Кээ бир гана мамлекеттерде өсүш байкалды. Ал эми Кыргызстанда болсо сезилээрлик кымбаттап жатат. Базар кандайдыр бир көзөмөлсүз калгандай туюлуп жатат.


- Кымбатчылык жеке сиздин жашооңузга таасир этип жатабы?


- Кымбатчылык албетте менин жашоомо таасир этип жатат. Орто эсеп менен 20-30 пайызга жогорулап кетти. Мен эле эмес, бүт эл сезип кыйналып жатат.


- Баанын өсүшүн турукташтырса болобу, кандай механизмдер бар?


- Албетте, азык-түлүк жана башка товарлардын наркын токтотсо болот. Мисалы, мындай абал 2011-2013-жылдары да катталган. Доллардын курсу кескин өсүп кеткен. Улуттук банк курстун тез өсүшүн токтоткон, өкмөт базар баасын көзөмөлдөп калууга чара көргөн. Азыр да ушул сыяктуу кадамдарды жасап, кескин аракеттерди көрүш керек.


- Биздеги баалардын кымбаттоосу башка коңшу мамлекеттердин экономикасы менен көз каранды болгон жокпу?


- Эми дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясы сокку урду. Көп өлкөлөрдө кыйынчылык туудурду. Кээ бир жагдайда башка өлкөлөрдөгү кымбатчылыктын кесепети Кыргызстанга да тийди.


- Сиздин божомолуңуз боюнча дагы кымбатташы мүмкүнбү?


- Азыркы учурда өкмөттүн ички структурасы турукташмайынча баалар дагы кымбатташы мүмкүн. Өкмөттүн структурасы толук бекигенден кийин бул көйгөй өкмөттүн эң биринчи болуп кайрай турган маселеси болушу керек. Көзөмөлдү күчөтүп, сомдун кунун, улуттук экономиканы жана ички өндүрүштү көзөмөлгө албаса ушинтип өсө берет, анан чегине жетет. Ошондуктан саясий жактан карап, изилдеш керек, эмне үчүн ушундай болуп жатат, анализ жасоого туура келет.   

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн