Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Өкмөттүн ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табыш керек, - Масалиев

12.05.2020 12:29
919
Өкмөттүн ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табыш керек, - Масалиев

 

Өкмөттүн 2019-жылдагы ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табыш керек. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.


Анын айтымында 2019-жылдагы Өкмөт бекиткен бюджеттик планды аткара алган эмес.


Жыйындын жүрүшүндө өткөн жылы Саламаттыкты сактоо министрлигине көрсөтүлгөн каражаттын 396 миллион сому берилбегени аныкталды.


“Бюджетти аткарган эмессиңер. Жыйынтыгында январь айында апаат башталып биз чечим кабыл албай калдык, беткап жана колкаптар жетпей калды. Салык жана бажы төлөмдөрдөн да 2 миллиард 960 миллион сом киреше түшкөн эмес. Бюджет аткарылбаптыр, биз отчетту кантип канаттандырабыз? Күзүндө 2019-жылды 4-5 миллиардка кыскартып бергиле деп келесиңер, ошентип эч ким, эч качан жооп бербей калат. Биз өкмөттүн бул ишин канаттандырарлык эмес деп табышыбыз керек”, - деди Масалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн