Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өкмөттүн коронавируска каршы аракетине "3" коёбуз, - сурамжылоонун жыйынтыгы

03.04.2020 11:32
851
Өкмөттүн коронавируска каршы аракетине "3" коёбуз, - сурамжылоонун жыйынтыгы


Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус Кыргызстанга да жетти. 3-апрелге карата  ага чалдыккан жарандардын саны 130га чамалады.  Бул дарт менен күрөшүүдө өкмөт күнү-түнү иштеп жатканын маалымдап, акыркы кырдаал боюнча тиешелүү мекеменин жетекчилери байма-бай маалыматтарды берүүдө. Бул кырдаалга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги "министрлер кабинетинин коронавирус менен күрөшүүдө жасап жаткан аракетине кандай баа бересиз?" деп окурмандарга 31-мартта суроо узаткан. 4 күн ичинде сурамжылоого баш аягы 500гө чукул жаран катышып, анын 57 пайызга жакыны "канааттандырарлык" деген баасын берген.


Сурамжылоонун жыйынтыгы: 


Эң жакшы иштеп жатат - 69 добуш (12,19%)


Жакшы иштеп жатат - 66 добуш (11,66%) 


Канааттандырарлык - 320 добуш (56.54)  


Начар - 51 добуш  (9.01)


Эң начар - 60 добуш  (10,60%)  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн