Толкун Камчыбекова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.
Буга чейин ал "Кыргызалтын" ААКтын пресс-катчысы кызматын аркалап келген.
Ага чейин Бакыт Рысалиев өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн