Теке 08, 2024
Убакыт: 11:07
USD
85.70
86.60
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.000

Өкмөттүн жаңы курамынын алдын ала тизмеси белгилүү болду

01.02.2021 21:55
1477
Өкмөттүн жаңы курамынын алдын ала тизмеси белгилүү болду


Бүгүн парламенттик көпчүлүктүн коалициясы Улукбек Мариповду премьер-министр кызматка баруусун жактырды. Кабинеттин түзүмү кыскартылганы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, вице-премьер-министрлердин экономикалык, социалдык маселелер жана энергетикалык блок боюнча орундары жоюлары айтылды.


Буга байланыштуу, 24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып, Мариповдун жетекчилигиндеги өкмөттүн алдын-ала курамы төмөнкүдөй болорун белгилеген:


Биринчи вице-премьер-министр - Артем Новиков;

Коргоо министри - Таалайбек Өмүралиев;

Айыл чарба министри - Аскар Жаныбеков;

Энергетика министри - Кубанычбек Турдубаев;

Ички иштер министри - Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри - Бообек Ажикеев;

Юстиция министри - Асель Чынбаева;

Маданият, маалымат жана туризм министри - Кайрат Иманалиев;

Билим берүү жана илим министри - Алмазбек Бейшеналиев;

Экономика жана каржы министри - Улукбек Карымшаков;

Саламаттыкты сактоо министри - Алымкадыр Бейшеналиев;

УКМКнын төрагасы - Камчыбек Ташиев.

Президенттин алдындагы инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектейт.


Жогорку Кеңештин жаңы курамы жана түзүмү 3-февралда пленардык жыйында бекитилет.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эргешалы
Новиковтун ордуна Эльвира Суравалдиева болсо жакшы болмок .