Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Өкмөт башчысынан чек арадагы жүк ташуучулардын көйгөйүн чечүүнү өтүнүшүүдө

29.01.2020 15:55
763
Өкмөт башчысынан чек арадагы жүк ташуучулардын көйгөйүн чечүүнү өтүнүшүүдө


Депутат Азамат Арапбаев Өкмөт башчысынан экспорторлордун көйгөйүн чечүүнү өтүндү. Эл өкүлүнүн айтымында Кыргызстан убада беришкендей ЕАЭБге кирип миллиондогон рынокко чыкпай эле, өздөрүнүн шарттарын таңуулаган бир нече мафиялык топторго кабылып отурат.

 


“ЕАЭБге киргенибизге 5 жыл болуп калды. Бирок биздин мамлекеттин аракети болгону эле Казакстандын салыкчыларын жана бажычыларын байытууга жумшалып отурат.  Кыргызстандын ишкерлери чек арадан өткөндө ар бир жүк ташуучу унаадан 500дөн 5000 долларга чейин (товардын ассортиментине жараша) төлөгөнгө мажбур болушууда. Бизге Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат деп убада беришкен. Аныгында биз кошуна өлкөнүн мафиялык структурасына кызмат кылып жатабыз”, деди ал.


Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасында 100дөн ашуун жүк унаалары Казакстанга өтө албай турушат. Мунун себеби Казакстандын кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлдөрүнүн жүктөрдү кошумча текшерүүлөрүнөн улам болууда.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн