Бештин айы 21, 2024
Убакыт: 20:21
USD
86.85
87.35
EUR
90.00
91.00
RUB
0.835
0.880

“Өкүрдүм түтөп, улуган жокмун бир гана, Акыры чарчап, шыбырга өттүм угулбас”

07.07.2023 12:03
3709
“Өкүрдүм түтөп, улуган жокмун бир гана, Акыры чарчап, шыбырга өттүм угулбас”


Орус жана Америка акыны, эссейист, драматург, котормочу Иосиф Бродский 1940-жылы Ленинградда туулган. Ал ырды өзүнүн айтуусу боюнча 16 жашынан жаза баштаган. 1960-жылдан тартып анын ырлары жабык түрүндө базар аркылуу поэзия сүйүүчүлөргө тарап, элге дайын болгон. Ал эми официалдуу түрдө адабий чөйрө аны кабыл алган эмес. Басма сөздө өтө сейрек жарыяланган. 1963-жылы “эч жерде эмгектенбейт, жанбакты” деген күнөө тагылып, камакка алынып, 1964-жылы беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок Анна Ахматова, Дмитрий Шостакович сыяктуу прогрессивдүү искусство өкүлдөрүнүн киришүүсү менен 1965-жылы мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулган. 1972-жылы КГБнын жана партиялык идеологдордун кысымы аркылуу СССРден чыгып кетүүгө мажбур болгон. 


АКШда жашаган жылдары абдан үзүрлүү эмгектенип, колдоого алынган. 1987-жылы Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Ошол кеткен боюнча мекенине кайрылбай, 1996-жылы бөтөн жерде, Нью-Йоркто каза тапты. Иосиф Бродскийдин ар кайсы жылдарда, ар кайсы өлкөлөрдө жазган түптүү, нуктуу ырлары орус жана дүйнөлүк поэзиянын шедеврлеринин деңизин толтуруп, толуктап турат. 


Бул кашкөй акындын ырларын акын Сагын Акматбекова терең чеберчиликте кыргызчалаган.

***

Өлкөбү, же көрүстөнбү

өктөөлөп не кереги, 

Васильев аралына

өлүш үчүн келемин.

Петроград, таң апрель

Сенин жашыл дарбазаңды

караңгыда таппаймын.


Кайрым билбес мекениме

кадап жылуу чекеми,

таманына жыгыламын

таш асфальттуу көчөнүн.

Көпүрөнүн асты менен

көк дарыя буу бурап,

конгон ак кар көк желкемен

кош! - деген үн угулат.

Жактар жактан уарек буруп

жаным учкан бөлүнүп,

өткөн дагы өтүлбөгөн 

көрөм эки өмүрдү,

узайт алыс бир жаш бала

укпайт, күтпөйт бурулбайт,

эрбеңдешкен эже-сиңди

ээрчий чуркап кол булгайт.

***

Отурдум торго жапайы жырткыч ордуна,

ойнодум кумар, ойгондум деңиз боюнда,

аскадан бийик көз салдым жарык дүйнөгө

салт-үрпү бөтөн, жашадым чоочун үйлөрдө.

Сууга агып үч жол, эки ирет бычак сайылып

жарылды кардым, жазыксыз каным жайылып.

Гунндардын дүбүрт суубаган чөлдү аңтарып,

Эгинин эктим, малын да көрдүм кайтарып.

Сүргүндүн жедим нандарын, койбой күкүмүн,

аяксыз-учсуз азабын тарттым күтүүнүн.

Түштөрдү көрдүм түнт кароол көзү тепчилген,

таштадым жерди талпынтып, таптап өстүргөн.

Тумандуу түндө тайындым кылдай шоолага,

эскини кийдим кайрадан кирген модага.

Өзөктөн түр үн чыгардым, асман-жер жара

өкүрдүм түтөп, улуган жокмун бир гана.

Акыры чарчап, шыбырга өттүм угулбас, 

сөңгөгүм бырыш, сөөктөгү бойдон муңум жаш

кырк жашка жеттим. Эмне дейм башка эмне дейм

жаратакан эге, жашаткан калчап жерге мен?

Топурак сузган күрөккө башым кеткенче

ыраазылык айтам, ыраазылык! Бөлөк эч нерсе.


Жамиля Нурманбетова 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн