Бугу 07, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

kvtj.info: Тажикстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 400гө чамалады

01.06.2020 11:21
1181
kvtj.info: Тажикстанда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 400гө чамалады


Тажикстанда коронавирустан каза болгондордун саны 393кө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү акыркы абалга көз салып турган көз карандысыз kvtj.info маалымат порталы кабарлады.


Анда Тажикстандагы COVID-19дан каза болгондордун аты-жөнү, кызматы, жашаган жери, өлгөн күнү, маалымат булагы так көрсөтүлгөн. Тажик эркин маалымат каражаттары бийликтин расмий статистикасы менен бирге kvtj.info маалымат порталынын санын кошо белгилөөдө.


Тажикстандын расмий бийлигинин 31-майга карата маалыматы боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3930га жетип, каза болгондор 47ни түзгөн. Бирок, айрым эксперттер чыныгы сан алда канча көп экенин билдирип келет. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн