Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Өлкө аймагында 147 адам эскертүү эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалды

01.04.2020 09:30
796
Өлкө аймагында 147 адам эскертүү эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалды


Республиканын өзгөчө абал жарыяланган аймактарында 1-апрелге карата коменданттык саат ичинде кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин жалпысынан 147 адам эскертүү эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалды.


ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө аталган 147 жаран жеткирилип, 12 автоунаа атайын жайларга токтотулду.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча - 119,

Ош шаары боюнча - 2,

Жалал-Абад шаары - 10,

Сузак районунда - 8

Кара-Суу районунда – 8


Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн