Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Өлкө аймагында аскерге чакыруу токтотулду

24.03.2020 13:37
666
Өлкө аймагында аскерге чакыруу токтотулду


Кыргызстандын аймагында аскерге чакыруу токтотулду. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу аскерге чакыруу токтотулду. Абал турукташканга чейин Куралдуу күчтөргө кабыл алуу болбойт.


Аскерге чакыруу март айынын башында башталып 31-майга чейин созулмак. Бул аралыкта 3000 кишини чакыруу пландалган болчу.


Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына 25-марттан тарта өзгөчө абал киргизилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн