Кыргызстанда 26-мартка
карата коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык
сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы
Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, стационардык дарыланууда жаткандардын абалы канааттандырарлык.
Белгилей кетсек, буга чейин жалысынан 44 адам вирусту жуктурганы аныкталган. Алар Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунда жана Бишкек шаарында катталган. Учурда жуктуруп алгандардын бардыгы өзү жашаган аймактардагы жергиликтүү ооруканаларда дарыланып жатышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн