Теке 03, 2024
Убакыт: 10:34
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Өлкө аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу ӨКМ билдирүү таратты

30.10.2023 14:59
334
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу ӨКМ билдирүү таратты


31-октябрда эртең менен, күндүз жана 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап, кар түшүшү, дээрлик бардык дубандарда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирүү таратты.


"31-октябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр төгүп, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт", — деп эскертишкен синоптиктер.


Шамалдын 15-20 метрге жетиши ыктымалдыгын айтышты.


31-октябрда күндүз жана 1-2-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, бир топ аймактарда үшүк жүрөрү кабарланды.


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 градус болуп, үшүк жүрөрү, күндүз 7…12 градус болорун билдиришти.


Таласта түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 градус болуп, үшүк жүрөрү, күндүз 6…11ге төмөндөрүн эскертишти.


Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7 , күндүз 14…19 градус болот. Ош, Баткен дубандарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде -1...-3 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт, ал эми күндүз 5…10го чамалайт.


Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, айрым жерлерде 0...-2 градус ылдыйлап, үшүк жүрөт, күндүз температура 6…11дин тегерегинде турат.


Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5, күндүз 6…11 градус жылуу болушу күтүлөт. Ал эми республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу болорун билдиришти. Кыргызстанда бул күндөрү суук бийик тоолуу райондордо байкалат, синоптиктер түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус болушу күтүлөрүн айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн