Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарында – 1
- Ош облусунда – 1
- Баткен облусунда – 1
Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3605 учур катталды, алардын ичинен 3309 медкызматкер сакайды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн