Жетинин айы 11, 2024
Убакыт: 02:53
USD
86.05
86.55
EUR
92.30
93.30
RUB
0.870
0.910

Өлкөдө коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды

26.03.2020 11:39
942
Өлкөдө коменданттык сааттын эрежесин бузган 320 адам кармалды

 

Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузган 320 адам кармалып, 9 унаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 193, Ош шаарында 25, Жалал-Абад шаарында 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 , Кара-Суу районунда 55 адам кармалган. Эрежени сактабагандар ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилген.


Маалым болгондой, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.


ИИМ “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамга ылайык тартипти бузууга жол берген адамдар коменданттык саат аяктаганча кармалат, ал эми жанында документтери жоктор ким экени аныкталганча, бирок үч суткадан ашпаган мөөнөткө кармала тургандыгын эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн