КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 5-12-июнуна чейин 18 627 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 229;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -161;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 36;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 423;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 5288;
- Авто ээнбаштык - 11;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 2940;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 3;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9539;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн