Өлкө казынасы коронавирустан улам 30 миллионго чукул жоготууга учурады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда азыр сумма так эмес, эсеп-кысаптар жүргүзүлүп жатат.
“Экономика министрлиги жана Финансы министрлиги экономикалык потенциалдын төмөндөшү жана COVID-19 вирусунан улам чек аралардын жабылышы менен өлкө бюджетинин жоготуулары боюнча эсеп-кысаптарын жүргүзүүдө. Алдын ала суммасы – 27-28 млрд сом”, - вице-премьер-министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн