Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн элибиздин ынтымагы өзгөчө мааниге ээ, -Абылгазиев

24.05.2020 11:16
1160
Өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн элибиздин ынтымагы өзгөчө мааниге ээ, -Абылгазиев


Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамын менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Премьер-министр өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн элибиздин ынтымагы жана бейпилчилиги өзгөчө мааниге ээлигин жана баарынан кымбат экенин айткан.

 

Төмөндө куттуктоону толугу менен келтиребиз:

 

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу момун мусулмандар! Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.


Бул күнү жалпы мусулман эли ыйык Рамазан айындагы орозону соңуна чыгарып, жыйынтыктап олтурат. Кармаган орозоңуздар, тилеген ниеттериңиздер кабыл болсун! 


Рамазан айы – бул ар бир мусулмандын өзгөчө жана маанилүү айы.


Быйыл куттуу Рамазан айы башка жылдардан айырмаланып, дүйнөнүн бардык мамлекеттерине жайылган таажы илдети менен күрөшүү мезгилине туш болуп калды. Рамазан айынын сабырдуулукка жана кечиримдүүлүккө, кайрымдуулукка жана айкөлдүккө чакырган сыпаттары бүгүнкү күндө таажы илдетинен арылууда жарандарыбыздын жоопкерчиликтүү жана тазалык сымал жакшы сапаттарын көрсөтүп, бул татаал мезгилден татыктуу чыгып кетүүбүзгө бекем үмүт берип жатат деп ишенем.


Өлкөбүздүн бүгүнкү жана эртеңки келечеги үчүн элибиздин ынтымагы жана бейпилчилиги өзгөчө мааниге ээ жана баарынан кымбат. Биздин өлкөдө бардык диний маданияттарга, салттарга, ишенимдерге терең урматтоо менен мамиле жасалат. Кыргызстан элдеринин ортосундагы мындай сый карым-катнаштар – көп улуттуу мекенибиздин татыктуу жашоосунун жана гүлдөп өсүшүнүн башкы шарты экендигине терең ишенем. 


Жараткан куттуу өлкөбүзгө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик жана бак-таалай буюрсун! 


Бүткүл кыргызстандыктарга жана ар бир үй-бүлөгө чың ден-соолук, тынчтык жана жакшылыктарды каалайм!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн