Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 4 миңге жакын мечит болсо, алардын 3 миң 830 мечити мамлекеттик каттоодон өткөн. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров билдирди.
Маалымдалгандай, расмий каттоодон өткөн 3 миң 830 мечиттин имамдары айына 8 миң сомдон үстүбүздөгү жылдын апрель айынан баштап стипендия ала башташты.
“Биздин өлкөдө бүгүнкү күндө 4 миңге чукул мечит бар. Алардын ичинен учурда 3 миң 830 мамлекеттик каттоодон өткөн мечиттер өзүнүн кызматын өтөп келе жатат. Мына ушул мамлекеттик каттоодон өткөн мечиттердин имамдары болгон диний кызматкерлерге стипендия бере баштадык. Бул дагы Кыргызстанда, диний чөйрөдө тарыхый бир учур болуп эсептелип калды. Буга чейин аймактардагы, айылдардагы имамдар эч бир айлык, стипендия албастан элибизге, жерибизге, мекенибизге өзгөчө динибизге кызмат кылып, агартуу иштерин аткарып келишкен. Мындан ары муфтият ай сайын имамдарга стипендияны чегерип, берип турабыз”,- деди муфтий Абдулазиз Закиров.
Белгилей кетсек, имамдарга стипендия муфтияттын өздүк бюджетинен бөлүнүп, дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен ишке ашууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн