Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 23:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Өлкөдө 7 саламаттык сактоо объектинин капиталдык оңдоо иштерин аяктады (тизме)

02.09.2020 15:46
912
Өлкөдө 7 саламаттык сактоо объектинин капиталдык оңдоо иштерин аяктады (тизме)


Кыргызстан боюнча 7 саламаттык сактоо объектинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. 


Маалыматка караганда, бул объектилердин курулушу республикалык бюджеттен, жана "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусунан" каржыланды. Объектилердин долбоордук кубаттуулугу – 595 койка-орун.

Объекттерде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, жаңы терезелер жана эшиктер орнотулган. Ошондой эле полдорун жаңы линолеумга алмаштырып, жылуулук системасы жасалган. Андан сырткары, чатырдын, электрмонтаж, сантехника, вентиляция жана жылытуу жабдуулары толугу менен жаңыртылган.

:pushpin: Объекттердин тизмеси:


1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 техникалык лицейдин профилин 150 орундуу стационарга өзгөртүү;


2. Баткен облусунун Баткен шаарындагы Салихов көчөсүндөгү 90 койкалуу поликлиниканы оңдоп-түздөө;


3. Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу жалпы дарыгерлер практикалык борборуну оңдоп-түздөө;


4. Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананы оңдоп-түздөө жумуштары;


5. Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарчасындагы 45 орунга ылайыкталган оорукананы капиталдык оңдоп-түздөө;


6. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук ооруканасынын 150 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөө жумуштары;


7. Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы ФАПты капиталдык оңдоп түздөө жумуштары.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн