Бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу 4-майдагы брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында:
Жалал-Абад облусунда – 2;
Бишкек шаарында – 6;
Нарын облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер
арасында – 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан
айыгып чыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн